Биз социалдык тармакта

Бишкекте жер мунапысы боюнча 16 миңден ашык арыз келип түштү

Президент Садыр Жапаров “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” мыйзамга кол койгондон бери 16 миң 616 арыз келип түштү. Бул тууралуу Бишкектин Шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгынан маалымдашты.

Ага ылайык, январь айынан 1-июлга чейин 2022 шаар куруу корутундусу даярдалып, комиссиянын кароосуна жөнөтүлдү. Бүгүнкү күндө комиссияга жалпы 13 миң 698 даяр шаар куруу корутундусу өткөрүлүп берилген. Жалпы келип түшкөн 16 миң 616 арыздын ичинен 2123 арыз боюнча баш тартуу чечими кабыл алынган.

Эске салсак, 3-июлда президент жер мунапысынын мөөнөттөрүн 15-декабрга чейин узартуу жөнүндө жарлыкка кол койгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан