Бүгүн, 9-июлда Бишкектин түштүк бөлүгүндөгү тургундар Аламүдүн дарыясынын булганышына нааразы экенин билдиришти. Алардын айтымында, Абдыкадыров көчөсүндөгү "Шоро" заводунун жанында дарыянын нугу тигүү цехтеринен чыккан таштандыларга толгон.
Жашоочулар кездеме калдыктары дарыяга баштыктар менен ыргытылып жатканын айтып, мындай көрүнүш экологиялык көйгөйгө алып келерин эскертишти.
Алар мыйзам бузгандарды таап, дарыяны тазалоого милдеттендирүүнү талап кылышууда. Буга чейин бул аймак эс алуучу жай катары белгилүү болсо, азыр таштандыдан улам көркүн жоготкон.