Кызыл-Кыя шаарынын Караван айылында заманбап терапия бөлүмүнүн курулушу аяктады.
Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, 17 орунга ылайыкташтырылган саламаттык сактоо мекемесинде 18 жаңы жумуш орду түзүлөт. Долбоорду ишке ашырууга Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы тарабынан 20 миллион сом, жергиликтүү бюджеттен 7 миллион сом бөлүнгөн.
Белгиленгендей, объект 31-август – Эгемендүүлүк күнүндө пайдаланууга берилет.