Григорьевка капчыгайында сел алып кеткен көпүрө калыбына келтирилди (видео)
Бүгүн, 9-июлда Ысык-Көл районунун Григорьевка капчыгайында селден улам жараксыз абалга келген көпүрө толугу менен калыбына келтирилди.
ӨКМдин маалыматына ылайык, көпүрөнү калыбына келтирүүгө министрликтин, Садыр Аке айыл өкмөтүнүн жана "Чайна Роуд" ишканасынын техникалары тартылды. Бул көпүрө малчылар, жергиликтүү тургундар жана эс алуучулар үчүн маанилүү жол болуп саналат.
Григорьевка капчыгайында сел алып кеткен көпүрө калыбына келтирилди