Биз социалдык тармакта

Ошто жапайы кара куурайлар жок кылынып, баңгизаттын зыяны боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Ош шаарында синтетикалык баңгизаттарды интернет жана социалдык тармактар аркылуу мыйзамсыз жайылтуунун алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жапайы өскөн кара куурайларды жок кылуу боюнча рейд уюштурулду. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын алкагында Жапалак, Кызыл-Кыштак айылдык аймактык башкармалыктарында жана Манас-Ата аймагында жергиликтүү тургундар, айыл башчылар жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү биргеликте жапайы кара куурайларды оруп, чогултуп, өрттөп жок кылышты.

Ош шаардык мэриясы жарандарды интернеттеги шектүү баракчаларга жана оңой акча табууну сунуштаган жарыяларга ишенбөөгө чакырып, баңгизаттарды мыйзамсыз даярдоо, сактоо, ташуу, сатуу жана колдонуу мыйзам алдында жоопкерчиликке алып келерин эскертти.

Ошондой эле жарандар баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө байланыштуу шектүү фактылар тууралуу укук коргоо органдарына өз убагында кабар берүүгө чакырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан