Министр Нурдан Орунтаев кызматкерлерди жаңы имараттын ачылышы менен куттуктап, мындай деңгээлдеги өз алдынча административдик имарат министрликтин түзүмдөрүндө буга чейин болбогонун белгиледи. Ошондой эле ал министрликтин аймактык жана ведомстволук мекемелеринин имараттарын жаңылоо иштери өлкө боюнча этап-этабы менен уланып жатканын айтты.