Биз социалдык тармакта

Ошто таштандыларды кайра иштетүүчү заводдун курулушу уланууда

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев таштандыларды кайра иштетип, электр энергиясын өндүрө турган заманбап заводдун курулуш аянтында болуп, аткарылып жаткан иштер менен таанышты.

Долбоорду Кытайдын «Цзюньсинь Хуаньбао Кей Джи Инвест» компаниясы ишке ашырууда. Шаар башчысы курулуштун темпин күчөтүп, объектти белгиленген мөөнөттө пайдаланууга берүүнү тапшырды.

Мэр ошондой эле заводдун курулушуна байланышкан бардык маселелер Ош мэриясы тарабынан ыкчам чечиле турганын белгиледи.

Маалыматка ылайык, завод ишке киргенден кийин жылына 310 миң тоннага чейин таштанды кайра иштетилип, андан электр энергиясы өндүрүлөт. Долбоор экологиялык талаптарга толук жооп берери айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан