Жаратылыш министрлиги Чүйдөгү Аламүдүн дарыясы тиричилик таштандыларынан тазаланганын билдирди.
Белгилей кетсек, буга чейин Аламүдүн дарыясы тиричилик таштандыларына жана желим бөтөлкөлөргө толуп калгандыгы боюнча видео социалдык тармактарда тараган.
Буга байланыштуу Достук айыл өкмөтүнө караштуу "Ынтымак-Достук" муниципалдык ишканасына 17 миң сом айып пул салынды.