Баткен облусунун Кадамжай шаарында "Алёнушка" бала бакчасынын курулушу аяктап, пайдаланууга даяр. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.
Маалыматка ылайык, эки кабаттуу бала бакча 90 орунга ылайыкташтырылып, анда балдардын сапаттуу билим алып, тарбиялануусу үчүн бардык заманбап шарттар түзүлгөн.
Долбоордун жалпы наркы 69 миллион сомду түзгөн. Объект 31-августта пайдаланууга берилмекчи.