Биз социалдык тармакта

Сокулуктун айылдарында жалпы 58 чакырым жол асфальтталат

2026-жылдын планына ылайык, Сокулук районунда жалпы узундугу 58,8 чакырым жолду асфальттоо каралган. Учурда аталган райондо бир катар маанилүү жол тилкелеринде курулуш жана реконструкциялоо иштери жүргүзүлүп жатканын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

Алар:

  • Манас – Камышановка унаа жолунун 10 чакырымын жасоо каралса, бүгүнкү күнгө карата анын 3 чакырымы асфальтталды.
  • Бишкек – Күн-туу – Шопоков жолунун 12,4 чакырымын реконструкциялоо иштери жүрүп жатат.
  • Луговое-Ат-Башы канал унаа жолунун 7 чакырымына асфальт төшөлүп баштады.
  • Романовка – Камышановка унаа жолунун 5 чакырымы оңдолууда,
  • Восточная – Жаңы Пахта жолунун 5 чакырымы оңдолууда.

Жолдордун курулушу министрликтин көзөмөлүндө экени кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан