Бүгүн, 10-июлда саат 01:59да Талас облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.
Маалым болгондой, жер титирөөнүн күчү 4 баллды түзүп, очогу Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы Талас Ала-Тоосунда жайгашкан.
Ал эми Көк-Сай, Кайнар, Арчагүл жана Шекер айылдарында жердин силкинүүсү 2,5 баллга чейин сезилген.