UFC уюмунун чемпиондору болгон Конор Макгрегор менен Макс Холлоуэй алдыдагы беттештин алдында өткөн маалымат жыйынында бири-бирине курч билдирүүлөрдү жасашты.
Холлоуэй Макгрегордун чемпиондук курларын тартып аларын айтса, Макгрегор атаандашы бул жолу да аны жеңе албасын жана аны оор сыноо күтүп турганын билдирди.
Эки мушкердин беттеши 12-июлга караган түнү АКШнын Лас-Вегас шаарында өтө турган UFC 329 турниринин башкы окуясы болот.
Эске салсак, Макгрегор менен Холлоуэй алгач 2013-жылы беттешип, анда ирландиялык мушкер калыстардын бир добуштан чыгарган чечими менен жеңишке жеткен.