Социалдык тармактарда Аксы районунун Ак-Жол айылындагы Токтазан алтын кенинде айыл тургундарынын биринин жылкысы өлүп жатканы тартылган видео тараган.
Райондун администрациясы маалымдагандай, жүргүзүлгөн лабораториялык изилдөөлөрдөн соң өлгөн жылкынын ашказанынан цементтин бөлүктөрү аныкталган.
Жыйынтыгында кен казган "Ориел Голд" компаниясы мал ээсине кенемте төлөп, ал эч кимге доосу жоктугу жөнүндө тил кат жазып берген.