Чолпон-Ата шаарында жасалма номур менен унаа башкарган айдоочу аныкталды. Бул тууралуу Жол милициясынан маалымдашты.
Аталган факт боюнча Kia K5 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусуна тиешелүү укук бузуу жөнүндө протокол түзүлүп, унаасы айып короого токтотулган.
Мекеме жарандарды мамлекеттик каттоо номердик белгилерин мыйзамсыз пайдаланбоого чакырып, мындай аракеттер мыйзамга ылайык жоопкерчиликке алып келерин эскертти.