Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев "Ала-Тоо 24" телеканалына берген маегинде көп убактысын калаа тургундары менен жолугушууга жумшап жатканын айтты.
Ал белгилегендей, иш убактысынын 20-30 пайызы гана иш бөлмөсүндө өтөт.
"Бирок иш бөлмөдө өтүп жаткан иш убактысын төмөн баалабашыбыз керек. Себеби, ал жерде кабыл алынган чечимдер түздөн-түз шаар тургундарынын жашоосуна таасир этет",- деди мэр.