Бишкекте жол тыгыны биринчи көйгөй эмес. Бул тууралуу борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев "Ала-Тоо 24" телеканалына курган маегинде айтты.
Ал белгилегендей, шаар тургундары кайрылган көйгөйлөрдүн көп бөлүгүн жол тыгыны эмес, жер маселеси ээлейт.
"Жол тыгыны чечилбей жатат" деп митингге чыккан адамдарды көрдүңөр беле? Бул ар бир мегаполистеги көрүнүштөрдүн бири. Инфраструктура канчалык өнүкпөсүн "кычаган маал" деп койчу убакта тыгын боло берет",- деди мэр.