"Түндүк" тиркемеси пландуу техникалык иштерге байланыштуу убактылуу иштебейт. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Убактылуу чектөө 10-июль, саат 21:00дөн 11-июль, саат 10:00гө чейин күчүндө болот.
Мекеме жарандарга кызматтарды алдын ала колдонууну сунуштады.