Эртең, 11-июлда Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым аймактарында жаан-чачын күтүлөт.
Кыргызгидромет билдиргендей, Бишкек жана Ош шаарларында күн ачык болот.
Аймактарда абанын температурасы:
- Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +17... +22, күндүз +33... +38;
- Талас жергесинде түнкүсүн +15... +20, күндүз +30... +35;
- Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +19... +24, күндүз +33... +38;
- Нарын аймагында түнкүсүн +8... +13, күндүз +23... +28;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11... +16, күндүз +24... +29,
- Бишкек шаарында түнкүсүн +19... +21, күндүз +35... +37 градус ысыйт.