Кечээ, 9-июлда Талас облусунда Шеркулов, Шамбетов, Мырзалиев жана Сарыгулов көчөлөрү жаңыланып, пайдаланууга берилди.
Президенттин облустагы өкүлчүлүгү маалымдагандай, учурда Бердике Баатыр, Огонбаев, Оторбаев, Осмонкулов, Үмөт Молдо, Манас, Турдалиев, Мадиев, Сатаев жана башка көчөлөрдө жол куруу иштери графикке ылайык уланууда.
Бул долбоорлорду ишке ашырууга Турукташтыруу фондунан 1 миллиард сомдон ашык каражат бөлүнгөн.