Быйылкы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун финалдык беттешинин тыныгуу маалында дүйнөлүк жылдыздардын катышуусунда концерт өтөт. Мындай көрүнүш ФИФА тарыхындагы алгачкы ирет уюштурулууда.
19-июлда АКШнын Нью-Йорк шаарына жакын жайгашкан "Метлайф" стадионунда өтө турган концертте Жастин Бибер, Мадонна, Шакира жана BTS тобу башкы аткаруучулар катары сахнага чыгышат. Ошондой эле "Burna Boy", "Coldplay" тобу да өз өнөрлөрүн көрсөтүшөт.
ФИФА билдиргендей, концерт 11 мүнөткө гана созулат. Андан топтологон каражат балдар үчүн футболду өнүктүрүү тармагына жумшалмакчы.