
1-сентябрда Бишкекте эмгек акыны сактоо менен дем алыш болот. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы
Аскат Алагөзов билдирди.
Маалыматка ылайык, Министрлер кабинетинин токтому менен Бишкек шаарындагы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер ал күнү эс алышат. Бул күнгө каралган эмгек акылар толугу менен сакталат.
Ушундай эле сунуш шаар аймагындагы жеке компания, ишканаларга да берилгендиги маалыматта кошумчаланды.