Биз социалдык тармакта

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы 31-августта “Бишкек аренада" болот

31-августта “Бишкек арена” стадионунда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы өтөт. Анда оюнга катышкан командалар парады өлкө башчыларынын катышуусунда өтүп, чакан концерттик программа тартууланарын бүгүн, 10-июлда президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Ал эми стадиондун расмий ачылышы жалпы кыргызстандыктардын катышуусунда сентябрдын аягына чейин шаан-шөкөт, эстрада жылдыздарынын концерти менен өтө тургандыгы маалыматта кошумчаланды.
"Өлкө жетекчилигинде “ушул сыяктуу ири имарат болобу, чоң долбоор болобу ар бир кыргызстандыктын салымы бар, ошондуктан жамы журттун катышуусунда жакшынакай майрамдык маанайда өтүшү керек” деген изги тилек бар. Андыктан стадиондун ачылышы баарыңыздардын катышууңуздар менен өзүнчө чоң салтанат, өзүнчө шаң менен болот. Демек, өлкө сыймыгы боло турчу имарат жумурай журттун бата-тилеги менен ачылганы туура деп эсептейбиз", - деп билдирди Алагөзов.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан