Ош шаарында таштандыны кайра иштетүү багытындагы дагы бир ири өндүрүш ишканасы курулат. Бул боюнча бүгүн Ош шаардык мэриясы менен инвесторлордун ортосунда эки тараптуу меморандумга кол коюлду.
Шаардык мэриядан билдиришкендей, долбоордун жалпы наркы 15 миллион долларды түзөт. Анын алкагында таштанды өрттөлгөндөн кийин калган калдыктардан баалуу металлдар иргелип алынат.
Жаңы завод учурда курулуп жаткан таштандыны кайра иштетүүчү комплекстин жанына, болжол менен 4 гектар аянтка жайгашат.
Долбоор таштандыларды кайра иштетүүнүн деңгээлин жогорулатып, экологиялык абалды жакшыртууга, ошондой эле жаңы жумуш орундарын түзүүгө мүмкүнчүлүк түзөрү белгиленди.