Ош шаарында таштандыларды кайра иштетүү багытында жаңы өндүрүш ишканасы курулат. Бул боюнча бүгүн шаардык мэрия менен инвесторлордун ортосунда меморандумга кол коюлду.
Долбоордун жалпы баасы 15 миллион долларды түзөт. Анын алкагында таштанды калдыктарынан баалуу металлдар иргелип алынат.
Жаңы завод азыр курулуп жаткан ишкананын жанына, дээрлик 4 гектар аянтка жайгашат. Долбоор таштандыларды кайра иштетүүнү өнүктүрүүгө, экологиялык абалды жакшыртууга жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталганы маалыматта кошумчаланды.