Биз социалдык тармакта

Египеттин футболчуларын күйөрмандары баатырлардай тосуп алышты (видео)

Египеттин улуттук курама командасы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунан кайтып барышты. Аларды мекенинде миңдеген күйөрмандар өзгөчө кубануу менен тосуп алышты.

Команда өлкө тарыхындагы Дүйнө чемпиондугунда эң мыкты көрсөткүчүн көрсөтүп, 1/8 финалга чейин жетти. Бул баскычта египеттиктер Аргентинага 2:3 эсебинде утулуп калышты.

"Эль-Аламейн" эл аралык аэропортунда чогулган күйөрмандар колдоруна улуттук желектерди кармап, дем-күч берүүчү жазуулар менен чыгышкан.

Миңдеген күйөрмандар ачык автобуста бара жаткан футболчуларды коштоп жүрүштү.

Египеттин футболчуларын күйөрмандар баатырлардай тосуп алышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан