Бишкектин Фрунзе жана Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде жолдор казылып, эски түтүктөрдү алмаштыруу иштери жүрүүдө. Бирок ал жерде шаркырап агып жаткан таза суу шаар тургундарын тынчсыздандырууда.
Калаа тургуну социалдык тармактардын бирине билдирүү калтырып, көп көлөмдөгү таза суу текке кетип жатканын белгилеп, тиешелүү кызматтарды токтотуп коюу мүмкүнчүлүгүнө көңүл бурууга чакырды.
Тасма түнкү убакта тартылган. Видеодо ошол учурда оңдоо иштерин жүргүзүп жаткан жумушчулар байкалбайт.