Португалия футбол федерациясы 71 жаштагы адис Жорже Жезуш улуттук курама команданын жаңы башкы машыктыруучусу болуп дайындалганын жарыялады.
Жезуш бул кызматта испаниялык Роберто Мартинести алмаштырды. Мартинес Португалия быйылкы Дүйнө чемпиондугунун 1/8 финалында Испаниядан 0:1 эсебинде утулгандан кийин кызматтан кетти.
Жаңы машыктыруучу буга чейин Сауд Арабиясынын “Аль-Наср” клубун жетектеп, командага өлкө чемпиондугун жеңүүгө жардам берген. Бул клуб Криштиану Роналду командага кошулгандан кийин алгачкы жолу чемпиондукка жетишкен.
Жорже Жезуш буга чейин “Аль-Хиляль”, “Фенербахче”, “Фламенго”, ошондой эле Португалиянын “Спортинг” жана “Бенфика” клубдарын машыктырган. “Бенфика” менен ал үч жолу Португалия чемпиону болуп, өлкө кубогу жана супер кубогун жеңген.