Биз социалдык тармакта

Эрназар Акматалиев RAF турнириндеги дебюттук беттешин жеңиш менен баштады (видео)

Бүгүн, 12-июлга караган түнү Грузиянын Тбилиси шаарында өткөн "RAF Georgia" турниринде кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев 2023-жылкы дүйнө чемпиону жана 2022-жылкы дүйнө чемпиондугунун күмүш байге ээси, америкалык Зейн Резерфорд менен күч сынашты.

Акматалиев акыркы мүнөттөргө чейин 1:2 эсебинде утулуп жаткан. Бирок кармаштын аякташына 40 секунд калганда ийгиликтүү ыкма жасап, эсепти 3:3кө теңеди. Ошентип кошумча көрсөткүчтөрдүн негизинде жеңишти кыргыз балбаны илип кетти.

Бул Акматалиев үчүн RAF лигасындагы алгачкы беттеши болду.

Белгилей кетсек, Акматалиев менен Резерфорддун кармашы май айынын аягында АКШда өтүшү керек болчу. Бирок кыргызстандык спортчуга АКШ визасы берилбей калгандыктан, ал мелдешке катыша албай калган.

Эрназар Акматалиев RAF турнириндеги дебюттук беттешин жеңиш менен баштады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан