Биз социалдык тармакта

Футбол-2026: Англия Дүйнө чемпиондугунун жарым финалында

Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалдык беттешинде Англия курама командасы Норвегияны кошумча убакытта 2:1 эсебинде жеңип, жарым финалга жолдомо алды.

Беттеш АКШнын Флорида штатындагы Майами шаарындагы "Хард Рок" стадионунда өттү. Оюндун негизги убактысы 1:1 эсеби менен жыйынтыкталган.

Норвегиянын курамында Андреас Шельдеруп айырмаланса, Англиянын жеңишине Жуд Беллингем чоң салым кошуп, эки гол киргизди.

Белгилей кетсек, чейрек финалга чейин Норвегия Бразилияны 2:1 эсебинде утуп чыккан. Ал эми Англиянын курамасы Мексиканы 3:2 эсебинде жеңип, кийинки баскычка өткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан