Нарын облусунун Кочкор районундагы кафелердин биринде болгон окуя коомчулуктун көңүлүн бурду.
Жергиликтүү тургундардын бири кафеде болгон жагдайды видеого тартып, социалдык тармакка жарыялады. Анын айтымында, кызматкер бул тамактануучу жайда чет элдик жарандарга гана кызмат көрсөтүлөрүн билдирген.
Мындай жоопко таң калган жергиликтүү тургун видео аркылуу коомчулукка кайрылып, "Өз жеримде жакшы кафеге кирип, тамактана албай калдымбы?" деген суроосун узаткан.
Видеонун автору буга чейин чет өлкөдө жашап, мекенине келгенде мындай жагымсыз жагдайга туш болгонун айтып, өз нааразычылыгын билдирди.