Бүгүн, 12-июлда Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Корея Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын вице-спикери Пак Док Хым баштаган делегация менен жолугушту.
Жолугушууда тараптар кыргыз-корей кызматташтыгын өнүктүрүү, парламенттер аралык байланыштарды бекемдөө жана соода-экономикалык алакаларды кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
Маматалиев эки өлкөнүн дипломатиялык мамилелерине кийинки жылы 35 жыл толорун белгилеп, Түштүк Корея Кыргызстан үчүн маанилүү өнөктөштөрдүн бири экенин айтты.
Ошондой эле Кыргыз-Корей өнүктүрүү фондун түзүү жана билим берүү тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү боюнча сунуштар айтылды. Пак Док Хым Кыргызстан менен бардык багыттарда кызматташууга кызыкдар экенин билдирди.