Биз социалдык тармакта

Футбол-2026: Жарым финалдагы бардык жуптар аныкталды

Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун жарым финалына чыккан командалар белгилүү болду.

Акыркы жолдомону Аргентина курамасы алды. Алар чейрек финалда Швейцарияны кошумча убакытта 3:1 эсебинде жеңип, кийинки баскычка өтүштү.

Буга чейин Англия да жарым финалга чыккан. Англиянын командасы Норвегияны кошумча убакытта 2:1 эсебинде утуп, күчтүү төрттүккө кошулду.

Дүйнө чемпиондугунун жарым финалындагы беттештер төмөнкүдөй болот:

  • Франция — Испания 14-июлда беттешет.
  • Аргентина — Англия 15-июлда күч сынашат

Эки беттеш тең Бишкек убактысы боюнча 22:00дө башталат. Дүйнө чемпиондугунун финалы 19-июлда өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан