Мамлекет башчысы телеграммасында маркум шейх Хамаддын Катар мамлекетинин өнүгүшүнө, элдин бакубат жашоосуна жана өлкөнүн эл аралык аброюнун жогорулашына кошкон зор салымын белгиледи.
"Шейх Хамад өзүнүн даанышмандыгы, камкордугу жана боорукердиги менен ар дайым дүйнөгө үлгү болуп кала берет. Анын жалпы адамзат үчүн жасап кеткен бардык асыл эмгектери ар дайым эсибизде түбөлүккө сакталат.
Улуу даражалуу, сизге жана Катар мамлекетинин боордош элине жеке өзүмдүн жана кыргыз элинин атынан терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгыңыздарды тең бөлүшөм”, - деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.