Биз социалдык тармакта

Акжол Махмудов Будапешттеги чоң турнирде күч сынашат (видео)

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча белгилүү балбаны Акжол Махмудов Венгриянын Будапешт шаарында өтө турган "Ranking Series" мелдешине катышат. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсү билдирип, видео жарыялады.

15–19-июль күндөрү өтө турган турнирге дүйнөнүн жана континенттердин чемпиондору чогулат. Жалпысынан 34 чемпион өз күчүн сынайт.

Акжол Махмудов 82 килограмм салмакта килемге чыгат. Анын атаандаштарынын арасында дүйнө чемпиондору сербиялык Виктор Немеш жана түркиялык Бурхан Акбудак бар.

Акжол Махмудов Будапешттеги чоң турнирде күч сынашат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан