Нырындын Арпа участкасында чет өлкөлүк жарандардын мыйзамсыз балык уулоосу жана жергиликтүү тургундарга орой мамиле жасаганы тууралуу маалымат көзөмөлгө алынды. Бул тууралуу бүгүн, 12-июлда Ат-Башы райондук акимчилиги билдирди.
Маалым болгондой, бул маселе боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга мыйзам чегинде чара көрүү тапшырмасы берилди. Ошондой эле чет өлкөлүк ишкананын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу жана мындай көрүнүштөрдүн кайталанышына жол бербөө боюнча чаралар кабыл алынары айтылды.
Эскерте кетсек, интернет желесине токтун жардамы менен балык уулап жаткан чет өлкөлүк жарандардын видеосу тарады. Жергиликтүү тургун алардын мыйзамсыз иштерин уюлдук телефонуна тарта баштаганда таш менен ургандыгы айтылат. Тасмада кытай жарандары экенинин байкоого болот.