Бишкектеги түнкү көңүл ачуучу жайлардын биринде болгон мушташка катышкан төрт жаран аныкталып, кармалды. Алар 2007-жылы туулган Б.Д., 2003-жылы туулган Н.Ж., 1993-жылы туулган К.У. жана 2000-жылы туулган Б.М. аттуу жарандар.
Шаардык милициянын маалыматына ылайык, окуя 9-июлда "Sky Baku" көңүл ачуучу жайында болгон. Факт боюнча иш козголуп, кармалгандарга майда бейбаштык беренеси боюнча протокол түзүлдү.
Учурда окуянын бардык жагдайлары такталууда.