Каракол шаарында “34 жаштагы аялды зордуктады” деп шектелип 3 адам кармалды

Каракол шаарында “34 жаштагы аялды зордуктады” деп шектелип 3 адам кармалды. Бул туурасында Ысык-Көл ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 28-январында саат 22:00дөр чамасында Каракол шаарындагы “Кумтөр” соода үйүнүн жанынан 34 жаштагы аялды белгисиз азиат улутундагы үч адам күч колдонуп, унаага салып кетишкен. Алар шаар четине чыгышып, аялды уруп, зордуктап, жанындагы уюлдук телефонун жана 3500 сом акчасын тартып алышкан.

Окуядан көп өтпөй бул кылмышка шектелип, 21 жаштагы Каракол шаарынын тургуну Атай, 21 жаштагы Токмок шаарынын тургуну Элдияр жана 26 жаштагы Жети-Өгүз районунун тургуну Назар кармалган. Бул факты боюнча “зордуктоо” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Egen.Osh
2014-01-30 11:45:31
Кудай сакта!Акыркы убакта только эле зордуктоо боло баштады го,чон кичуусун карабай,эмне болуп баратат заман(((
+1
aiza1979
2014-01-30 23:29:22
ushundailardy kop jylgasottoso azaiaar bele
0
Ibraxim
2014-01-31 03:41:18
129 статья теперь будете кукарекат .Много что интересного ждет вас в переди.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан