Биз социалдык тармакта

Оштогу Кытайдын башкы консулдугу ишин кайра жандантат

Бүгүн, 13-июлда Ош шаарындагы Кытайдын башкы консулдугу кайрадан ишин баштай турганы маалым болду. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди.

Министр Кытайдын жаңы башкы консулу Лю Мин Гэге консулдук ыйгарым укуктарын тастыктаган экзекватурага кол коюп, анын Кыргызстанда расмий иш жүргүзүүсүнө уруксат берди.

Кулубаевдин айтымында, консулдук буга чейин иштеп келген, бирок COVID-19 пандемиясынын учурунда анын ишмердүүлүгү убактылуу токтотулган. Кийин жарандардан дипломатиялык өкүлчүлүктүн ишин кайра жандандыруу боюнча көптөгөн кайрылуулар түшкөн.

Ал белгилегендей, Кыргызстан консулдуктун ишин кайра ишке киргизүү үчүн бардык зарыл документтерди даярдап, Кытай тарапка тапшырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан