Акыркы сутка ичинде республика аймагында 7 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өрткө каршы мамлекеттик агенттиги бүгүн, 30-январда билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 1, Чүй облусунда 3, Ош шаарында 1, Ош облусунда 2 өрт кырсыгы катталган. Өрттүн кесепетинен жабыркагандар жана өлгөндөр болгон жок.