Биз социалдык тармакта

ФИФА Дүйнө чемпиондугуна катышуучу командалардын санын 64кө жеткирүүнү сунуштады

ФИФАнын президенти Жанни Инфантино футбол боюнча дүйнө чемпиондугуна катышуучу курама командалардын санын 64кө чейин көбөйтүүнү сунуштады. Бул тууралуу бүгүн, 13-июлда чет элдик басылмалар жазышууда.

Анда айтылгандай, бул маселе учурдагы турнир аяктагандан кийин талкууланат. Инфантино дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнө мундиалга катышууга көбүрөөк мүмкүнчүлүк берүү керек деп эсептейт.

Белгилей кетсек, быйылкы дүйнө чемпиондугу тарыхта биринчи жолу 48 команданын катышуусунда өтүп жатат. Буга чейин турнирге 32 курама команда катышчу.

ФИФА жетекчиси командалардын деңгээли өсүп жатканын белгилеп, катышуучулардын көбөйүшү чакан футбол өлкөлөрүнө кошумча дем берерин айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан