Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 14-июлдан 18-июлга чейин өлкө аймагында абанын температурасы жогорулашы күтүлүп жатканын эскертти.
Синоптиктер билдиргендей, бул күндөрү айрым аймактарда абанын табы +43 градуска чейин көтөрүлүшү мүмкүн.
"Буга байланыштуу дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт жана суу ташкыны коркунучу бар",- дешти ӨКМден.