Жети-Өгүз районунун Көк-Жайык жайлоосунда турмуш-тиричилик калдыктарын белгиленбеген жерлерге таштоо жана саркынды сууларды агызуу фактылары аныкталды.
Жаратылыш министрлиги маалымдагандай, мыйзам бузган жарандарга жалпы 6 протокол түзүлүп, 62 миң сом айып пул салынды.
Ошондой эле жарандарга тиричилик калдыктарын жана саркынды сууларды атайын белгиленген жайларга гана чыгаруу зарылдыгы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.