Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районунда курулуп жаткан заманбап сейил бактын курулушу кызуу жүрүүдө. Учурда иштин 70 пайызы бүткөрүлүп, долбоор белгиленген графикке ылайык ишке ашырылууда.
Жаңы сейил бакта жаш балдар үчүн коопсуз оюн аянтчалары, жаштар үчүн заманбап воркаут зонасы, жашыл аймактарды үзгүлтүксүз сугаруучу автоматташтырылган систем жана шаардыктардын жайлуу эс алуусу үчүн бардык шарттар түзүлүүдө.
Калаа мэриясы билдиргендей, аталган сейил бак август айында пайдаланууга берилет.