Биз социалдык тармакта

Бишкекте кыргыз-беларусь айыл чарба кызматташтыгы талкууланды

Айыл чарба министринин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу Беларустун Кыргызстандагы элчиси Сергей Молунов менен жолукту.
Жолугушууда агроөнөр жай тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү жана буга чейин жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселелери талкууланды.
Тараптар айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, картошка өстүрүү жана кайра иштетүү, эт-сүт багытындагы мал чарбачылыгы, селекция жана үрөнчүлүк боюнча кызматташуунун келечегин карашты.
Жыйынтыгында эки тарап агрардык тармактагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну жана кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого даяр экендиктерин ырасташты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан