Талас облусунда 60 жаштан жогорку тургундар үчүн акысыз медициналык кароонун үчүнчү этабы өткөрүлөт.
Президенттин облустагы өкүлчүлүгү маалымдагандай, медициналык кароо 18-23-июль күндөрү 2 райондо жүргүзүлөт.
- 18–19-июлда, Манас районундагы Семетей айылында;
- 20–23-июлда, Айтматов районундагы Кызыл-Адыр айылында.