Биз социалдык тармакта

Жапалактын көптөн күткөн көйгөйү чечилет: газ берүү иши башталат

Ош шаарынын Жапалак айылында көп жылдан бери чечилбей келген жаратылыш газына байланыштуу маселе оң жагына чечиле баштады. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев жергиликтүү тургундар менен болгон көчмө жыйында билдирди.

Жолугушууга тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери жана «ОшГаз» ишканасынын өкүлдөрү катышып, айылды газдаштыруу боюнча даярдалган долбоорду тааныштырышты.

Долбоорго ылайык, Жапалак айыл аймагындагы 9 айылдагы 4 миңге жакын кожолуктун турак жайы жаратылыш газына кошулат.

Мындан тышкары жолугушууда жергиликтүү тургундар көтөргөн социалдык жана инфраструктуралык маселелер да талкууланып, аларды чечүү боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан