Кечээ, 13-июлда Кочкор-Ата шаарында катталган селге байланыштуу райондук Жарандык коргонуу штабы түзүлүп, кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам иштер жүргүзүлүүдө.
ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Чынарбек Шекеновдун айтымында, сел суулары шаардагы бир нече көчөлөрдү каптаган.
"Сел суулары 25 турак үйдүн, бир бала бакчанын , 3 коомдук тамактануучу жайдын короолорун каптаган. Жерине тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү тартылып, тазалоо иштери жүрүп жатат",- деген ал.