Бишкекте Жаш Гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилиши 20-июлдан тарта убактылуу жабылат.
Бул даректе жаңы транспорттук түйүн жана көпүрө куруунун экинчи этабында иштер аткарылат.
Эске салсак, долбоордун биринчи этабынын алкагында Бакаев көчөсүнүн Бөкөнбаев көчөсүнөн Лев Толстой көчөсүнө чейинки тилкеси ачылган.