Биз социалдык тармакта

Жол тескөөчүлөр автобус базасын күтүүсүз текшерди (видео)

Бишкекте Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери автобус базасында күтүүсүз текшерүү жүргүзүштү.

Анын жүрүшүндө автобустардын техникалык абалын, айдоочулардын айдоочулук күбөлүктөрүн жана жол баракчаларын текшерүүгө милдеттүү болгон көзөмөлчү механиктер кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбаганы аныкталды. Алар тийиштүү текшерүүлөрдү жүргүзбөстөн эле мөөр басып, автобустарды каттамга чыгарып жатышкан.

Текшерүүнүн жыйынтыгында эки көзөмөлчү механикке карата укук бузуу жөнүндө протоколдор түзүлүп, жалпы 56 миң сом айып пул салынды.

Мындан тышкары, ал жерде айдоочулук күбөлүктөрдүн жарактуулугу да текшерилди.


Жол тескөөчүлөр автобустарды күтүүсүз текшерди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан