Биз социалдык тармакта

Ошто санитардык талаптарды сактабаган бир катар кафелер жабылды

Ош шаарында Курманжан датка жана Шакиров көчөлөрүндө жайгашкан 10го жакын кафе жана тез татым жайларында рейддик иш-чаралар жүргүзүлдү.
Мэриянын маалыматына ылайык, мониторингдин жүрүшүндө бир катар коомдук тамактануу жайларында санитардык-гигиеналык талаптардын сакталбагандыгы, ошондой эле продукциянын сапатын тастыктоочу документтердин жоктугу аныкталган.
"Буга байланыштуу аталган объекттердин кемчиликтери толук жоюлганга чейин иши убактылуу токтотулду. Ошондой эле мыйзамсыз ишмердүүлүк фактылары аныкталып, материалдар укук коргоо органдарына өткөрүп берилди",- деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан